15:10
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

АКШнын Мамлекеттик департаменти 55 миллиондой чет өлкөлүктөрдүн визасын текшерет

АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык визасы бар 55 миллиондой чет өлкөлүктөрдү текшерет. Бул тууралуу Assosiated Press агенттигине таянып, Известия билдирди.

Маалыматта ылайык, текшерүүнүн максаты — алардын мыйзам бузган-бузбаганын аныктоо. Эгер бузган болсо, визасы жокко чыгарылып, ал адам АКШда болсо, депортация кылынат.

Мамлекеттик департамент мындай текшерүү дайыма жүрүп турарын билдирди. Алар кылмышка аралашуу, коомдук коопсуздукка коркунуч келтирүү же терроризм менен байланышы бар-жогун карашат.

Бул текшерүүдө укук коргоо органдарынын базалары, иммиграция кызматтарынын маалыматтары жана социалдык тармактардагы аккаунттар баш болгон бардык булактар колдонулары айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар