13:41, 22 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон шаарынын Вокзаль көчөсүндөгү кызыл сызыктан жана курулуш сызыктарынан чыккан дүкөндөр бузулууга жатат.
Бул иш шаардагы тартипти орнотуу жана мыйзамсыз курулуштарды жоюу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүп жатат.