Оштун Алай айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу отрядынын аскер кызматкерлери Араван-Ак-Буура каналына чөгүп бара жаткан эки өспүрүм кызды куткарып калышты.
Улук лейтенант Бексултан Канжарбек уулу жана старшина Абдыкалык кызы Кулпунай жумуш эмес убактысына карабай өзгөчө кырдаалга дароо чара көрүштү. Куткаруучулар кыздарды тез арада суудан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам бөлүмүнө өткөрүп беришкен.
Учурда, басма сөз кызматы билдиргендей, өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч жок — алардын абалы канааттандырарлык.
жарандарды жайкы эс алуу учурунда өзгөчө суу сактагычтардын жээктеринде коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.