22:16
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Жапаров менен Токаевдин сүйлөшүүлөрү боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-казак биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Мамлекет башчылары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин «2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташуунун комплекстүү планын бекитүү жөнүндө» чечимине кол коюшту.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев

Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү.

— Кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык, транзиттик-транспорттук, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү кыргыз-казак мамилелеринин маселелери боюнча Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечими.

— 2030-жылга чейин Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасы.

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Алматы облусунун Акимчилигинин ортосунда Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун куруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы ташылуучу автотранспорт каражаттары жана товарлар жөнүндө меморандум.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда өз ара сооданын алкагында автомобиль транспорту менен ташууларды көзөмөлдөө боюнча навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө меморандум.

— 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол.

— Кыргызстандын Өкмөтү менен Казакстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы макулдашуу.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстандын Өкмөтүнүн ортосундагы эки өлкөнүн элчиликтери үчүн Астана жана Бишкек шаарларындагы имараттарды жана жер тилкелерин акысыз пайдаланууга өз ара берүү жөнүндө макулдашуу.

— Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу.

— Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданият жаатында кызматташтыкты кеңейтүү боюнча 2025-2027-жылдарга карата иш-чаралар планы.

— Казакстандын Өкмөтү менен Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Казакстандын жана Кыргызстандын жер үстүндөгү радио кызматтары колдонгон 29.7 МГц — 3000 ГГц радио жыштык тилкесинде радио жыштыктарды координациялоо жөнүндө макулдашуу.

— Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин ортосундагы туризм жаатында кызматташуу боюнча 2025-2026-жылдарга карата иш-чаралар планы.

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясы менен Казакстан Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын чарба жүргүзүү укугундагы «Казакстан Республикасынын Президентинин телерадиокомплекси» Республикалык мамлекеттик ишканасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.

Эң көп окулган жаңылыктар