Мамлекеттик бажы кызматы 47 жаңы кызматкер менен толукталды

15:37, 22 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Мамлекеттик бажы кызматынын кадрдык резервиндеги 47 талапкер жаңы кызматка киришти. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 21-августунда Мамлекеттик бажы кызматынын кадрдык резервине катталган талапкерлер кызмат орундарына дайындоо жөнүндө буйруктар менен таанышты.

Жалпысынан Мамлекеттик бажы кызматынын буйруктары менен 47 талапкер дайындалып, алардын көбү Ош, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен бажы органдарына кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.

Буйруктар менен таанышкан соң жаңы дайындалган кызматкерлерге кызматтык формалар тапшырылды.