Ак-Өргө конушунда 100 орундуу бала бакча курулат

17:35, 22 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Өргө жаңы конушунда бала бакча куруп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки кабаттуу болуп, 100 балага ылайыкташкан. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,39 гектарды түзөт.

Долбоордо бала бакчанын имаратынын биринчи кабатынан сыртка чыгуучу алты негизги эшиктер каралган. Кошумчалай кетсек, ар бир оюн бөлмөсүндө заманбап коопсуздук талаптарына жооп берүү үчүн авариялык чыгуулар болот. Подрядчы «Hyper Stroy» ООО болгон.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Имаратта бөлүштүрүүчү ашкана, буфет, уктоочу бөлмөлөр, санитардык бөлмөлөр, оюн жана кабыл алуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, жетекчинин кабинети, музыкалык жана спорт залы, чарбалык блоктор жана техникалык бөлмөлөр болот.

Учурда темир-бетон каркас курулуш иштери толук бүткөрүлүп, чатырын монтаждоо жана кирпич дубалдарын тургузуу иштери жүрүп жатат.