19:22
USD 87.37
EUR 102.26
RUB 1.08

U-20: Кыргызстандык балбан Жантөрө Мирзалиев күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Жантөрө Мирзалиев Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча (U 20) жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу UWW сайты жазууда.

Биздин спортчу 67 килограммга чейинки салмак категориясында 1/16 финалдан баштап күч сынашкан.

Алгач ал белорусиялык Игорь Зварикинди мөөнөтүнөн мурда жеңсе, андан кийин швейцариялык Робин Бруннерди да мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Чейрек финалда Жантөрө Мирзалиев ирандык балбан менен килемге чыгып, аны оор беттеште 5:3 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда анын атаандашы өзбекстандык Фоезбек Эшмирзаев болду. Жантөрө Мирзалиев 5:1 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты.

Ал эми чечүүчү беттеште 2024-жылдын жаштар арасындагы дүйнө жана Европа чемпиону болгон россиялык Эрза Закриев менен күч сынашып, курч таймашта 4:2 эсебинде жеңишке жетишип, алтын медалга жана жаштар арасындагы дүйнө чемпиону наамына ээ болду.

Эң көп окулган жаңылыктар