16:16
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Кыргызстанда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет

Кыргызстанда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Архивден
Фото Архивден. Алымбек датка

Маалыматка ылайык, министр Мирбек Мамбеталиев Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев менен бирге сентябрь айында Алай районунун А.Мамытов атындагы стадионунда салтанаттуу түрдө белгилене турган Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери, тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата даярдык көрүү боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүздү.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.

Ош шаарындагы Ленин көчөсү анын урматына өзгөртүлдү.

Алымбек датка (болжол менен 1799 же 1800-ж. туулган) 19-кылымдагы кокондук ири саясий ишмер.

27 жашында Мадали хан тарабынан Коконго кызмат кылууга чакырылып, ал жерде мамлекеттик ишмердик жолго түшүп, датка (адилет башкаруучу) деген ардактуу наамга ээ болгон.

Ал 1827-1862-жылдардагы дээрлик бардык маанилүү окуяларга катышкан. Ал Анжиян вилайетинин башкаруучусу болгон. Ошол мезгилде өзүнүн штабын Ошко көчүрүп, шаардын статусун бир топ жогорулаткан. Ал ошондой эле Кокон хандыгынын увазири, андан кийин 1860-жылы Россияга каршы согушуудан баш тартты деп хандын алдында айыпталып, чоң көтөрүлүштүн уюштуруучусу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар