18:28
USD 87.45
EUR 101.31
RUB 1.07

Султан Раевдин «Жанжаза» романы АКШда англис тилинде жарык көрдү

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин «Жанжаза» романы Нью-Йорк шаарында англис тилинде «Кастигация» деген ат менен жарык көрдү. Китеп америкалык «Syracuse» басма үйүндө басылып чыкты. Аны белгилүү котормочу Шелли Фэрвезер-Вега англис тилине оодарган.

Автордон
Фото Автордон. Султан Раевдин «Жанжаза» романы «Кастигация» деген ат менен англис тилинде жарык көрдү

Султан Раевдин чыгармасы америкалык адабиятчы окумуштуулардын жогорку баасын алып, басма үйү 2025-жылы чыга турган 20 мыкты китептин тизмесине кирди.

Чикаго университетинин профессору Коган Арик роман «Борбор Азиянын адабияты үчүн гана эмес, дүйнөлүк адабият үчүн да ачылыш болуп калганын» белгиледи. Анын айтымында, китеп аркылуу окурмандар «жаңы дүйнөнү» ачышат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Жанжаза» романы бир нече тилде жарык көргөн. Америка коомчулугу кыргыз романы менен биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун 1983-жылы АКШда жарык көргөн «Кылым карытар бир күн» чыгармасы жарык көргөндөн кийин 42 жылдан кийин таанышууда.

Султан Раевдин романынын Нью-Йоркто жарык көрүшү дүйнөлүк маданияттын бир бөлүгү катары кыргыз адабиятынын өнүгүүсүндөгү жаңы этабы катары бааланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар