Венгрия VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат

10:27, 25 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы 2026-жылда өтө турган көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча биринчи өнөктөштүк келишимине кол койду. Венгрия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Документке «Мадьяр-Туран» фондунун президенти Биро Андраш Жолт жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов кол коюшту.

«Мадьяр-Туран» фондуна Венгриянын компетенттүү мамлекеттик органдары менен бирдикте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн улуттук делегацияны түзүүгө ыйгарым укук берилгени белгиленген.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтөт. Ага 90дон ашык өлкөнүн командалары катышары күтүлүүдө.