Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 1006;
мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу — 273;
авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 180;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 805;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 215;
авто ээнбаштык — 41;
белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 841;
жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 18;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 997;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 126 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.