Президент Садыр Жапаров Равшанбек Сабировду Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим Равшан Сабировдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган. Ал бул кызматты 2024-жылдын декабрынан бери аркалап келген.

Фото Министрлер кабинети. Башка жарлык менен Канат Сагынбаев Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Президенттин башка жарлыгы менен Канат Сагынбаев Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги туруктуу кызматка дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө сунушталды. Буга чейин ал Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.