Кыргызстанда түндө жер титирөө болду

09:07, 26 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда түнкүсүн жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 25-августта саат 23:59да катталган.

Жер титирөөнүн очогу Талды-Суу айылынан 10 чакырым түндүк-батышты карай, Коджо-Келең айылынан 118 чакырым түштүк-батышты карай, Кичик-Алай айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышты карай, Ак-Босого айылынан 28 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Талды-Суу айылында 4,5 балл, Коджо-Келен айылында 4 балл, Кичик-Алай, Ак-Босого айылдарында 3,5 баллга жеткен.