Маданият министрлигинин кызматкерлери 27 млн сомду мыйзамсыз пайдаланганбы?

12:09, 26 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жооптуу кызматкерлерине бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө органдары КР президентинин фондунан министрликке бөлүнгөн 300 миллион сомдун мамлекетке 27 миллион 127 миң 820 сом зыян келтиргенин аныкташкан. Атап айтканда, төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталган:

Текшерүүнүн жыйынтыгында, 7,6 млн сом акча каражаты министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй, 6,2 млн сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынгандыгы, министрликке караштуу «Кыргыз маданият сервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатып алынган 13,2 млн сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынып, натыйжада мамлекетке жалпы 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факты боюнча "Коррупция")беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.