Ош шаарында Волгоград жана Тимирязев көчөлөрү бириктирилип, учурда бул бир көчө, казактын улуу акыны, агартуучусу, жазма адабиятынын негиздөөчүсү, композитор Абай Кунанбаевдин урматына аталды. Бул жерге анын эстелиги да орнотулат.
Бүгүн шаардын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай жана Өзбекстандын башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен биргеликте жаңылануу менен таанышты.
Жолду капиталдык оңдоо иштери дээрлик бүтүп калды. Жалпы узундугу 3,8 чакырымды түзөт. Жакында көчөнүн башына акындын бюсту орнотулуп, кичи сейил бак курулат.
«Абай Кунанбаев өзүнүн коомдук-саясий жана философиялык көз караштары менен казак элинин билим берүүсүнө, маданиятына жана адабиятына зор салым кошкон. Ош шаарындагы көчөлөргө Абай Кунанбаевдин ысымын ыйгаруу улуу акындын мурасына болгон сый-урматтын белгиси, жаштарды билимге, маданиятка чакырып, кыргыз-казак достугун чыңдоонун дагы бир кадамы болуп калды», — деп айтылат билдирүүдө.