Жумаев Максат Медербекович Т. Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жумаев Максат Медербекович — 1985-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында туулган. Билими жогорку, Нарын мамлекеттик университетин «Автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруу системалары» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
— 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин «Asman cinema production» киностудиясында режиссёр, продюсер, сценарист;
— 2010–2016-жж. «KG Club production» студиясында режиссёр, оператор-коюучу, сценарист;
— 2008–2010-жж. «Открытая Азия» программасында (Internews Network) оператор, монтажёр;
— 2007–2008-жж. ТРК НТСте жаңылыктар бөлүмүндө оператор, монтажёр;
— 2005–2007-жж. ТРК «Шанкай», (Нарын шаарында) техникалык директор;
— 2002–2005-жж. ТРК «Шанкай», (Нарын шаарында) оператор, монтажёр.
Фильмографиясы:
— «Туман» (2012) — режиссёр, сценарист;
— «Гонщик таксист» (2013) — режиссёр;
— «Временный парень» (2014) — режиссёр;
— «Эне жүрөгү» (2016) — режиссёр;
— «Бажарики» (2017) — продюсер;
— «Бажарики 2» (2018) — продюсер;
— «Баары бир тууган» сериал (2019) — режиссёр, сценарист;
— «Доске» (2021) — режиссёр, сценарист;
— «Разбой» (2023) — режиссёр, сценарист;
— «Жаным» (2023) — режиссёр, сценарист;
— «Разбой — новая глава» (2023) — режиссёр, сценарист;
— «Террорист» (2024) — режиссёр, сценарист;
— «Участковый инспектор Марат» (2024) — режиссёр, сценарист.
Сыйлыктары:
— «Лица Евразии» конкурсу, Санкт-Петербург — оператордук иш үчүн сыйлыгы;
‐ Internews Network — «Умтулуу» сыйлыгы«, «Кыргыз киносунун мыктысы» төш белгиси;
‐ «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси;
‐ ИИМдин «За содействие» медалы;
‐ Бишкек шаарынын мэринин «Ардак грамотасы»;
‐ Бишкек шаарынын ИИББнын «Ардак грамотасы».