17:39, 26 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ош шаарында белгилүү мамлекеттик ишмер Алымбек датканын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Салтанатка жергиликтүү бийлик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
Эстелик улуу жолбашчынын элесин түбөлүккө калтыруу максатын көздөйт. Коноктор скульптуранын жогорку көркөмдүк деңгээлин жана анын образынын символикасын белгилешти.
Иш-чара маданий программа менен коштолду