Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен кыргызстандыктарга батирлер берилет. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясынан билдиришти.
Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат 13-сентябрдан 21-сентябрга чейин Загребде (Хорватия) өтүп, турнирде 10 комплект медаль ойнотулат.
77 килограммга чейинки категорияда учурдагы дүйнөнүн чемпиону Акжол Махмудов мелдешке катыша албайт. Анын ордун Бекзат Орункул уулу катышат. Олимпиаданын коло байге ээси Жоламан Шаршенбеков да жаракатынан улам Хорватияда өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына барбайт. Дагы бир учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова азырынча карьерасында тыныгуу алып турган учуру.