Күзүндө Кыргызстандын жайыттарына 173 тонна чөптүн үрөнү себилерин Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жайыт жерлердин деградациясын алдын алуу, ошондой эле мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана тоют базасын жакшыртуу максатында жасалып жатат. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 50 миллион сом бөлүнгөн.
Мекемеден билдиришкендей, сынактын жыйынтыгында «Сидс-Агро» жана «Карина-Агро» компаниялары менен келишимдер түзүлгөн. Уруктарына кырсыз бром, буудай чөп, шалбаа бетеге, эспарцет кирет.
Өлкөдө жайыттардын аянты 8,9 миллион гектарды түзөт, анын 139,4 миң гектары деградацияга учураган.