11:06, 27 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда дан эгиндеринин дээрлик 60 пайызы жыйналды. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 678,4 миң гектар дан эгиндеринин жалпы аянтынын 40,5 миң гектары жыйналды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,2 миң гектарга көп.
Эң көп түшүм Жалал-Абад облусунда байкалууда: орточо эсеп менен гектарынан 30 центнерден буудай, 24 центнерден арпа жыйналды.
Ош областында жүгөрү жыйноо башталды.
Бардык аймактарда жашылча, коон жана картошка жыйноо иштери уланууда.