00:41
USD 87.35
EUR 101.23
RUB 1.08

Пайдага салыктын түшүүсү 17,7 пайызга өстү

2025-жылдын башынан бери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу пайда салыгынын түшүүсү 17,7 пайызга өстү. Мындай маалыматтар Кыргызстандын Каржы министрлигинин отчетунда камтылган.

Төлөм түрүндө жалпысынан 12,6 миллиард сом катталганы көрсөтүлгөн.

Ведомствонун маалыматы боюнча, тоо-кен казып алуу ишканаларынын кирешесине салыкты (пайда салыгынын подкатегориясы) эске алуу менен жалпысынан 26,7 миллиард сом түшкөн — 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көп.

Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык, үстүбүздөгү жылга пайда салыгын чогултуу планы 44,3 миллиард сом өлчөмүндө белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар