Президент Барскоон — Бедел жолун куруу долбоорун баштап берди

16:44, 27 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы Барскоон — Бедел унаа жолун өз каражаттарыбыздын эсебинен куруу долбоорун баштап берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров Барскоон — Бедел жолун курууну баштап берди
Иш-чаранын алдында стратегиялык автомобиль жолунун долбоордук өзгөчөлүктөрү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Мамлекет башчысына унаа жол түндүктөн түштүккө карай Барскоон, Сөөк ашуулары, Кара-Сай өрөөнү жана Ашуу-Суу ашуусу аркылуу өтө турганы маалымдалды.

Сөөк ашуусу аркылуу жыл бою өтүүнү камсыз кылуу үчүн узундугу 5,5 км болгон туннель куруу пландаштырылууда. Кара-Сай аймагында эстакадалык көпүрө конструкциясы курулат. Ал эми кар көп жааган Ашуу-Суу ашуусунан өтүү үчүн узундугу 3,8 км болгон дагы бир туннель курулат.

Ири долбоорду ишке ашыруунун башталышына арналган салтанаттуу аземде Садыр Жапаров бул күн Кыргызстандын жаңы тарыхына маанилүү окуя катары кирерин баса белгиледи.

Ал жол салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү багытын аныктай турган маанилүү тармак болуп саналарын белгилеп, Кыргызстан Улуу Жибек Жолунун маанилүү бөлүгү болгонун эске салды. Бүгүнкү күнү өлкө ошол тарыхый миссияны жаңы шартта улантып жатат.

Президенттин басма сөз кызматы. Президент Барскоон — Бедел жолун куруусун баштап берди
«2023-жылы Сиань шаарында өткөн «Кытай — Борбор Азия» саммитинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, «Бедел» долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашканбыз. Ошол күндөн тартып бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө турат», — деди президент.

Ал кыска убакыттын ичинде көптөгөн кыйынчылыктарга жана долбоордун ишке ашарына күмөн санагандар болгонуна карабай, олуттуу иштер аткарылып, долбоор реалдуулукка айланганын белгиледи.

Садыр Жапаров архивдик документтерди келтирип, «Бедел» өткөрүү пунктун ачуу маселеси 1996-жылдан бери көтөрүлүп келгенин айтты. Бирок көп жылдар бою ар кандай себептерден улам ишке ашпай калган. Эгер бул жол ошол кезде курулуп калган болсо, өлкөбүз азыр өнүгүүнүн башка тепкичинде болмок.

«Бирок биз өткөн ишке өкүнүп отура бербей, маселени жандандырып, ишке ашырууга бекем кириштик. Барскоон — Бедел жолун өз күчүбүзгө таянып, өз каражатыбызга куруп жатканыбызды өзгөчө белгилеп кетейин. Мамлекетибиз өз беделине, экономикасына, мүмкүнчүлүгүнө таянып, ири долбоорлорду ишке ашырып жатат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Даярдык иштери тууралуу айткан президент көптөгөн сүйлөшүүлөр жүрүп, ар кандай каржылоо механизмдери сунушталганын белгиледи. Жыйынтыгында China Road and Bridge Corporation компаниясы менен кызматташуу чечими кабыл алынган.

Президенттин басма сөз кызматы. Президент Барскоон — Бедел жолун куруу долбоорун баштап берди
Макулдашууларга ылайык компания жол куруу боюнча негизги иштерди 2029-жылдын сентябрына чейин бүтүрүп, транспорт каражаттары үчүн кенен жүрө тургандай кылып магистралды ачып берет. Калган иштерди 2030-жылдын сентябрына чейин толук аяктап, жолду расмий түрдө эксплуатацияга өткөрөт. Андан кийин да «кепилдик мезгили» каралган. Анын алкагында кандайдыр бир кемчиликтер чыккан учурда компания оңдоо иштерин жүргүзөт.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров «Чайна Роуд» өкүлдөрүнө кайрылып, аларга мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү жана масштабы боюнча чоң долбоор ишеним артып тапшырылганын белгилеп, ишти таза, сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө чакырды. Мамлекет башчысы жолдун артыкчылыгы боюнча сандык маалыматтарга токтоло кетти. Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон каттам бир тарапка 500 чакырымга кыскарып, жүк ташуучулар үчүн, кеминде, 12 саат үнөмдөлөт.

Ошентип, өлкөбүздө азыр Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу сыяктуу флагмандуу долбоорлор ишке ашырылууда. Барскоон — Бедел жолу дагы алардын катарында. Долбоордун артыкчылыктарын баса белгилеп, Мамлекет башчысы тышкы дүйнө менен байланышты чыңдоону, улуттук экономиканын өсүшүн жана туристтик агымдын көбөйүшүн атады.

Ал ошондой эле 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында артыкчылыктуу төрт багыттын бири — өлкөбүздү «регионалдык хабга» айлантуу маселеси болуп саналарын эске салды.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин да салтанатта сөз сүйлөдү. Ал бүгүнкү күндө өлкөлөр бир катар ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашырып жатканын, алар келечекте товарлардын жүгүртүлүшүн тездетүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын көлөмүн бир кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Бул эки өлкөнүн элине бакубатчылык алып келет жана аймактык экономиканын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет.

Президент Садыр Жапаровдун сөзүнөн кийин транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жардыруу иштерин жүргүзүүгө уруксат сурап, макулдук алгандан кийин унаа жолун курууга даярдык башталды.