02:00
USD 87.36
EUR 101.71
RUB 1.08

500дөн ашык кыргызстандык мамлекеттик кызматкер Кытайга окууга жөнөтүлөт

700гө чейин кыргызстандык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Кытайда окуудан өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин түзүлгөн меморандумдун алкагында Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин Кытайда окутуу ийгиликтүү уланууда.

«2024-жылы кыска мөөнөттүү программалар боюнча 500 адам окууну аяктаган. Алгач 50 гана орун бөлүнгөн, бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алардын саны 500гө чейин көбөйтүлгөн», — деп белгилейт мекемеден.

2025-жылдын аягына чейин 500дөн 700гө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окууга жөнөтүү пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар