08:00, 29 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
2012-жылы хит болгон Gangnam Style ырынын аркасында атактуулукка жеткен түштүк кореялык музыкант PSY (чыныгы аты Пак Чжэ Санг) полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал ооруканага өзү барбастан, үчүнчү жактар аркылуу рецепт боюнча жазылган психотроптук дарыларды алып, медициналык мыйзамдарды бузган деп айыпталууда. СЫрчынын дарыгери да кармалганы такталган.
PSY дарыгери бардык айыптарды четке кагып, бейтап менен консультациялар аралыктан жүргүзүлгөнүн билдирди. «Атактуу ырчыга өнөкөт уйкунун бузулушу диагнозу коюлуп, дарыгердин көрсөтмөсү боюнча уктатуучу таблеткаларды ичип жатат. Прокси рецепт болгон эмес, айрым учурларда үчүнчү жактар анын атынан дарыларды алышкан», — дешти ырчынын агенттери.