10:15
USD 87.39
EUR 102.05
RUB 1.09

Жогорку Кеңештин күзгү сессиясы 3-сентябрда башталат

2025-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши парламенттин күзгү сессиясын ача турган жыйын өткөрөт.

Парламенттин сайтында жарыяланган күн тартибинин долбоорунда үч маселе бар. Депутаттар Жогорку Кеңештин сентябрь айындагы ишинин календарлык планын карап, бекитишет. Ошондой эле Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри кызматына Канат Сагынбаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселесин талкуулашат.

Анын талапкерлиги конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ченемдик укуктук актылар боюнча, ошондой эле социалдык саясат боюнча тиешелүү комитеттердин кароосуна жиберилген.

Мындан тышкары күн тартибине «Ар кандай маселелер» маселеси кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар