Сүрөттөр сүйлөйт: Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгын Жалал-Абад кандай белгиледи?
11:23, 31 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар өттү. Аларга президент Садыр Жапаров катышты.
Президенттин басма сөз кызматы. Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнү
Майрам кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхына арналган даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды. Сахнада «Келечектеги Кыргызстан» театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, ага 600гө жакын артисттер катышты.
Президенттин басма сөз кызматы. Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнү
Мамлекет башчысы Эгемендүүлүк күнүнүн алдында куттуктоо сөзүн сүйлөп, майрамдын өлкө жана анын жарандары үчүн маанисин белгиледи.
Президенттин басма сөз кызматы. Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнү
Майрамдык салтанаттар гала-концерт жана Жалал-Абад шаарындагы жаңы административдик имараттын салтанаттуу ачылышы менен аяктады.