Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 1-сентябрда башталат

14:07, 31 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясынын ачылышы 1-сентябрда болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште 2025-жылдын 3-сентябрында жыйын өтөт.Парламенттин сайтына жарыяланган күн тартибинин долбоорунда үч маселе каралат.