Бишкектин Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
18:37, 31 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек шаарында оңдоп -түзөө иштеринен кийин Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы ачылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
«Оңдоо иштеринин алкагында «Бишкексууканал» МИге тиешелүү түтүктөр алмаштырылып, эски асфальт алынган, жаңы бордюрлар орнотулуп, эки катмар ысык асфальт төшөлдү, жол белгилери жана чиймелер жаңыланды",-деп айтылат маалыматта.