Бүгүн Кыргызстанда 57 мектеп жана 20 бала бакча пайдаланууга берилет

08:30, 01 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жаңы окуу жылына карата өлкө аймагы боюнча 110 курулуш объектиси, анын ичинде 57 мектеп жана 20 бала бакча пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Мектептерди облустар боюнча бөлүп карай турган болсок:

Бишкек — 1

Чүй облусу — 2

Баткен облусу — 3

Жалал-Абад облусу — 24

Ысык-Көл облусу — 9

Нарын облусу — 5

Ош облусу — 11

Талас облусу — 2.

Аймактар курулган бала бакчалар:

Бишкек — 2

Чүй облусу — 1

Жалал-Абад облусу — 5

Ысык-Көл облусу — 6

Нарын облусу — 1

Ош облусу — 5