13:02
USD 87.39
EUR 102.05
RUB 1.09

Жаңы окуу жылы. Бишкек мэри автобус айдоочуларга көрсөтмө берди

Бүгүн, 1-сентябрда таң эрте мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын айдоочуларына каттамдарга чыгаар алдында көрсөтмө берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Шаар башчысы айдоочулардын жол эрежесин сактоо, токтотуу эрежелерин сактоо, жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылуу жана муниципалдык менчикти аяр пайдалануу боюнча конкреттүү, так милдеттерди койду.

Транспорттук блоктун жетекчилерине талапты жана көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде рейддерди жүргүзүү тапшырылды.

Айдоочулар тарабынан одоно мыйзам бузуулар катталса, тиешелүү чараларды көрүп, ишкананын кара тизмесине киргизүү буйругу берилди.

Белгиленгендей, каттамдарда 1200 автобус турат.

Эске салсак, бүгүн, 1-сентябрда жаңы окуу жылы башталды. Өлкө боюнча 1,5 миллион окуучу мектепке барат.

Эң көп окулган жаңылыктар