Ысык-Көл облусундагы табияттын таза абасын асфальт заводунун түтүнү бузуп жатат

17:08, 01 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Түп районунун Каркыра айыл аймагынын аймагындагы кооз жаратылышты асфальт заводунан чыккан коюу түтүн бузуп жатат.

Завод Санташ айылына жакын жерде иштейт.

Буга чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги Корумду айылындагы кара түтүн жергиликтүү тургундар менен туристтердин нааразычылыгын жараткан дагы бир завод тууралуу маалымат тараган.

Экологдор Ысык-Көлдүн аймагы өзгөчө жаратылышты коргоо статусуна ээ экенин, жээктеги өндүрүштүк таштандылар экосистемага жана адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян алып келерин белгилешти.