Ошто колу эт туурагычка кыпчылып калган жигитти ӨКМнин кызматкерлери куткарды
14:07, 02 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 2-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына 2006-жылы туулган Д.М колунан жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Фото ӨКМнын басма сөз кызматы
Кырсык болгон жерге Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.
Жабырлануучу учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.