04:28
USD 87.38
EUR 101.75
RUB 1.08

Кыргызстандын энергетика министринин жаңы орун басары дайындалды

Энергетика министрлиги
Фото Энергетика министрлиги. Алтынбек Рысбеков

Алтынбек Рысбеков Кыргызстандын энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А.Касымалиев кол койду.

Эске салсак, министрдин жаңы дайындалган орун басары буга чейин Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты аркалап келген министрдин орун басары Нурлан Садыков өз арызы менен кызматынан бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар