Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин баш коргоо чарасын тандады. Ал 4-октябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
Соттун маалыматына караганда, Айтмамат Кадырбаевге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголду.
«2025-жылдын 26-августунда Биринчи Май райондук сотунун аныктамасы менен ИИМдин тергөө тобунун айыпталуучу К.А.Т.га карата баш коргоо чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган», — деп тактады басма сөз кызматы.
Эске салсак, Айтмамат Кадырбаев 2014-2018-жылдары Ош шаарын жетектеген. Кийин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2021-жылы № 10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого катышып, 3-орунга ээ болгон.