01:14, 03 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек шаарында жайгашкан «Алкан» базарындагы контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 00:26да чектөөгө алынды. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.