ӨКМ: Бишкектеги «Алкан» базарынын 120 чарчы метри өрттөндү

09:43, 03 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Дордойдун «Алкан» базарынын 120 чарчы метри өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, контейнерден чыккан тилсиз жоо 120 чарчы метрди камтып, бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.

ӨКМнын басма сөз кызматы
Базардан чыккан өрт 3-сентябрга караган түнү саат 00:26да чектөөгө алынган.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.