Бишкек шаарындагы бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары пайдаланууга берүү сертификаттарын алышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Документтерди Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаар тургундарына тапшырды.
Төмөндөгү даректеги имараттар мыйзамдаштырылды:
Осмонкул көчөсү, № 170;
Чыңгыз Айтматов проспектиси, № 97/3;
Логвиненко көчөсү, № 12;
«Арча-Бешик» турак жай комплексинде, Ак-Таң көчөсүндөгү № 66 жана 64;
Ибраимов көчөсү, № 181;
12-кичирайон, № 64/1;
Жаманбаев көчөсү, № 88/2.
Аткаминердин айтымында, бул объектилердин көбү уруксатсыз курулуп, ондогон жылдар бою мыйзам чегинен тышкары калган. Мындан улам тургундар турак-жайын расмий каттай албай, юридикалык жактан кыйынчылыктарга туш болушкан.
Эске салсак, акыркы жылдары курулган көптөгөн үйлөр курулушчулар тарабынан бир да жолу расмий түрдө берилген эмес. Бул мүлккө болгон укуктарды каттоого тоскоол болуп, жашоочулардын турак-жайга болгон мыйзамдуу укуктарын ишке ашырууга тоскоол болгон.