Жалал-Абад мэри шаардын атын өзгөртүүнү сунуштады

11:44, 03 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында мэр Эрнисбек Ормоков шаардын атын өзгөртүү маселесин кароону сунуштады.

Ал белгилегендей, атын өзгөртүү шаардын имиджин жакшыртууга жана инвестиция тартууга жардам берет. Бирок мэр мындай чечим шаар тургундары менен кеңири талкуудан кийин кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.