16:45
USD 87.38
EUR 101.75
RUB 1.08

Жогорку Кеңеш Канат Сагынбаевди эмгек министри кылып бекитти

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Канат Сагынбаевди Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри кызматына дайындоону бир добуштан колдошту.

Анын талапкерлигине 81 депутат талкуусуз добуш берип, президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырды.

Жаңы министр депутаттардын алдында сүйлөгөн сөзүндө ага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, өз милдеттерин так аткарууга бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин баса белгиледи. Сагынбаев иштин негизги багыттарын белгиледи. Анда жаштардан карыларга чейин бардык социалдык топторду коргоону жана колдоону камсыз кылуу, майыптарга көңүл буруу жана турмуштук оор кырдаалга туш болгондорго жардам көрсөтүү, эмгек миграциясы маселелерин чечүү — кыргызстандыктардын чет өлкөгө чыгуусу да, чет элдик жумушчуларды өлкөгө кабыл алуусун дагы белгиледи.

«Ар бир жаран — биздин республиканын адамдык капиталынын бир бөлүгү. Биздин милдет — Кыргызстандын өнүгүү жыргалчылыгы үчүн адамдардын дараметин, талантын жана жөндөмдүүлүгүн ачуу үчүн шарттарды түзүү», — деп кошумчалады Канат Сагынбаев.

Ал ошондой эле алдыга коюлган бардык милдеттерди чечүүдө Жогорку Кеңеш, мамлекет башчы жана министрлер кабинети менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар