Кыргызстандык балбан Бекдөөлөт Расулбеков АКШда өткөн оор атлетика боюнча эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына билдирди.
Техас штатынын Форт-Уэрт шаарында VIRUS Weightlifting Series 2 турнири өттү.
Биздин оор атлетчибиз 37 спортчу катталган 110 килограмм салмак категориясында Marin Heavy Athletics командасы үчүн күч сынашты.Жулкуп көтөрүүдө Бекдөөлөт Расулбеков үч аракетти тең ийгиликтүү аткарып, 160, 167 жана 172 килограммды көтөрдү.
Тартип көтөрүүдө да ал 200, 210 жана 220 килограмм салмактагы штанганы көтөрүү менен үч аракетте салмакты жеңип чыкты.
Жалпы жыйынтык боюнча кыргызстандык балбан турнирдин алтын медалын алып келди.
Эске салсак, буга чейин Бекдөөлөт Расулбеков 2021-жылы Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында эркектер арасында 102 кг салмакта коло медаль тагынган. Ал 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан катышып, 96 кг салмакта күч сынашкан.