2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 4,6 миллиард сомго жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Маалым болгондой, өлкөдө 18 камсыздандыруу компаниясы иш алып барат.
Кирешенин негизги үлүшүн (92 пайызы) камсыздандыруу төлөмдөрү түзөт. Камсыздандыруу тармагынын кирешеси 744,6 миллион сомго жеткен. 2024-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу өсүш 2,2 эсеге өстү.
1-июлга карата 1 миллион 600 миңден ашык камсыздандыруу келишими түзүлүп, анын 89 пайызы жеке жактар менен ишке ашкан. Жалпы санынын 59 пайызын ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери түзөт.
Көрсөтүлгөн мезгилде 17 миң камсыздандыруу учуру катталган. Негизги төлөмдөрдү ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруу (70 пайыз), медициналык камсыздандыруу (9 пайыз) жана автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (9 пайыз) түздү.