00:06
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

УКМК «Кеша» аттуу уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармады. Ал ким?

УКМКнын кызматкерлери Ички иштер министрлиги менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун «Кеша» каймана аты менен таанымал мүчөсү Р.К.Р.ны кармашты. Ал Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) тарапкери жана буга чейин Азиз Анапияевдин тобунун мүчөсү болгон. Ал 2009-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. "Кеша«аттуу уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2016-жылы Р.К.Р. баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү үчүн 12 жылга эркинен ажыратуу менен күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясына кесилген. Кийин Токтогул райондук соту аны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин чыгарган. 2022-жылдын 18-октябрынан 2025-жылдын 13-майына чейин пробациянын көзөмөлүндө болгон.

Бирок, 2024-жылдын декабрь айында, буга чейин сыноо мезгилинде Кеша белгиленген чектөөлөрдү бузуп, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын Казакстан багытында бир нече жолу мыйзамсыз кесип өткөн. 2-сентябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында тыюу салынган заттарды алып келүүгө жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө бөгөт коюу максатында аны кармашкан. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Эң көп окулган жаңылыктар