03:47
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

Бүгүн Чолпон-Атада III Түрк универсиадасы башталат

Бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Атада III Түрк универсиадасы башталат. Ага 450дөн ашык спортчу — Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Мелдештер спорттун жети түрү боюнча өтөт: волейбол, футзал, стол тенниси, шахмат, дзюдо, эркин күрөш жана грек-рим күрөшү.

Ысык-Көлдүн жээгине Венгрия менен Тажикстандын өкүлдөрү да байкоочу катары келишти.

«Универсиада студенттик спорттун жаркын окуясы болуп, түрк өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы достукту чыңдап, сергек жашоону жана спорттук биримдикти жайылтуу аянтчасына айланат», -деп белгилешти уюштуруучулар.

Түрк Универсиадасы — Түрк мамлекеттеринин уюмунун колдоосу астында жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өтүүчү эл аралык мелдеш.

Эң көп окулган жаңылыктар