Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жаңы имаратка көчтү
12:47, 04 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
2025-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги жаңы имаратта ишин баштады. Дареги: Астана шаары, Кыз-Жибек көчөсү, 28/3 050028
Тышкы иштер министрлиги. Кыргызстандын Казакстан Республикасындагы элчилигинин жаңы имараты
Байланыш телефондору: +77172650463,+77011964285 (кабыл алуу);+7776124 8833 (консулдук бөлүм).
Эске салсак, буга чейин Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Женева жана Сеулдагы элчиликтери үчүн имараттарды сатып аларын билдирген. Имараттар алгач 5 миллион долларга чейин сатып алынышы мүмкүн болгон өлкөлөрдөн алынаары белгиленген.
Андан соң министр Жээнбек Кулубаев Венгриядагы жана Франциядагы элчиликтер үчүн имараттар сатылып алынганын айткан. Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өздөрүнүн имараттарында жайгашкан.