13:39, 04 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ош шаарынын борборуна бийиктиги 95 метрлик жаңы флагшток орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, жаңы флагштоктун курулушу Ош шаарынын архитектуралык көрүнүшүн жаңыртуудагы маанилүү кадам болуп, мамлекеттик символдорду сыйлоого басым жасалат.
«Ош шаарын өнүктүрүүнүн алкагында азыркы 45 метрлик желек саптын ордуна 95 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу чечими кабыл алынган. Бул республика боюнча Бишкектен киинки экинчи орунда турат. Желегибиз бийик жерде турат», — деди.
Белгиленгендей, эски желек сап Ош аэропортуна орнотулат.