17:47, 04 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
УКМКнын кызматкерлери тарабынан пара талап кылып жаткан жеринен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматынын Чаткал токой чарбасынын башчысы Б.М.О. кармалды. Бул тууралуу аталган мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Тактап айтканда, М.О.Б. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Чаткал районунун Чоң-Жайык жеринде алтын казуу боюнча «Алтын Белги» ЖЧКсынын ишин тоскоолдуксуз улантканы үчүн көрсөтүлгөн сумманы опузалап, болбосо мүлкүн камакка алуу жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутканы аныкталган.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү улантууда.