Бишкектин жолдорун оңдоо. Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

09:00, 05 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

6-сентябрдан тарта Фучик көчөсүнүн батыш тарабы — Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тилкенин чыгыш тарабында эки багытта кыймыл уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы калаанын тургундарына жана конокторуна жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, жол тыгындарын алдын алуу максатында коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.