Бишкекте түрк киносунун күндөрү башталды

10:35, 05 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Маданият министрлиги. Бишкекте түрк киносунун күндөрү башталды

«Ала-Тоо» кинотеатрында Түрк кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылышта түрк жылдыздары — актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле актёрлор Барыш Кылыч менен Аныл Алтан кызыл килемдин ардактуу коноктору болушту.

Маданият министрлиги. Бишкекте түрк киносунун күндөрү башталды
Эскерте кетсек, 4-8-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк маданий байланыштарын чыңдоо жана түрк кинематографиясын жайылтуу максатында «Түрк киносунун күндөрү» маданий иш-чарасы өтүп жатат.

Көрсөтүүлөрдүн программасы:

• 4-сентябрь: «Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири» — реж. Мурат Фыратоглу

• 5-сентябрь: «Сүйүү байланыштары» — реж. Хакан Куршун

• 6-сентябрь: «Акылдан жүрөккө» — реж. Өзер Фейзиоглу

• 7-сентябрь: «Хай Хак Карагөз — Хаживат» (анимациялык тасма) — реж. Кенан Акташын

• 8-сентябрь: «Эрке» — реж. Онур Үнлү

Бардык көрсөтүүлөр «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт жана кирүү акысыз.