Эртең Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

11:28, 05 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Интернеттен алынды

Эртең, 6-сентябрдан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түндүк тарабы Фучик көчөсүнөн Кустанайская көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тилкенин түштүк тарабы унаалар үчүн эки тараптуу уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.