
2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундарына ай сайын 3 миң сомдон жөлөк пул киргизилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпулу «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына ылайык киргизилүүдө.
Жөлөк пул бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт.
Жөлөкпулдун өлчөмү 3000 сом өлчөмүндө белгиленүү сунушталууда.
Жөлөк пул алуунун негизги шарты болуп үй-бүлөлөрдүн көрсөтүлгөн бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо жашашы саналат.
Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат.
Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдады, ал учурда КР президентинин администрациясына кароого жөнөтүлдү.